Манас-Жаңы-Жер автожолунда маршрутка менен жүк ташуучу унаа кагышты
2018-жылдын 18-июнуна караган түнү болжол менен саат 03.40 тар чамасында, Манас-Жаңы-Жер автожолунда маршруттук такси менен жүк ташуучу унаа кагышты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Каттамдан тыш, түштүк тарапты көздөй бара жаткан «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү унааны 23 жаштагы И.М. аттуу жаран башкарып бараткан. Ал эми түндүк тарапты көздөй келе жаткан жүк ташуучу «“Мерседес-Бенц» унаасынын рулунда 21 жаштагы Т.Р. аттуу жаран болгон.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келгиче, 23 жаштагы И.М алган жараатынан улам көз жумган. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракаттары менен, 4-шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген.
Аталган жол кырсыгы боюнча материалдар чогултулуп, Сокулук райондук Ички иштер органынын тергөө кызматына берилди. Тергөө башталды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: